КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-октябрындагы № 469 токтому

2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Ушул токтомдун 1-пункту менен жактырылган 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын  8-июлундагы № 941-V “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын:

         жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программада: - Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программанын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттин менчигинде болуучу объекттердин тизмеги” 1-тиркемесинде: 17 жана 18-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 38 жана 39-пункттар менен толукталсын:

38Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы “Солнышко” пансионатынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктүн 5 бирдиги менен 11,029 га аянттагы жер участогу
39Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан 9,32 га аянттагы жер участогу жана ал участокто жайгашкан кыймылсыз мүлктүн 91 бирдиги

Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программанын “Менчиктештирилүүгө жаткан объекттердин тизмеги” 2-тиркемесинде:

27 жана 28-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 36 жана 37-пункттар менен толукталсын:

36“Нарынгидроэнергокурулуш” ААКтын акцияларынын 90 пайызы
37“Нарынспецгидроэнергомонтаж” ААКтын акцияларынын 71, 3794 пайызы

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү болуп дайындалсын.

5. 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын аткарылышынын жыйынтыгы боюнча отчёт берсин.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 Премьер-министр                                                                  М.Д.Абылгазиев                                                     

Тиркемелер

Басып чыгаруу