Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 “Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын уюштуруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Сапат жаатында сыйлык берүү механизмин өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 “Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын уюштуруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-пунктундагы “Финансы министрлиги” деген сөздөр “Экономика жана финансы министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары жөнүндө жободо:
- 3 – 6-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары жыл сайын конкурстук негизде төмөнкү номинациялар боюнча ыйгарылат:
- өндүрүштүк багыттагы продукцияларды жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү;
- азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү;
- кызмат көрсөтүүлөр.
4. Сыйлык катары конкурстун лауреаттарына жана дипломанттарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дипломдору жана белгиленген үлгүдөгү сыйлыктар (байгелер) тапшырылат, конкурстун активдүү катышуучулары министрликтердин жана ведомстволордун ардак грамоталары менен сыйланышат.
Дипломдордун жана сыйлыктардын (байгелердин) үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын сыйлыктарды ыйгаруу боюнча кеңешинин чечими менен бекитилет.
5. Конкурстун лауреаттарына жана дипломанттарына сапат боюнча сыйлык жыл аягында тапшырылат.
6. Сыйлыктарды изденип алууга товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү менен иштеген, иштегендердин саны төмөнкүдөй болгон юридикалык жана жеке жактар (субъекттер) менчигинин түрүнө карабастан талапкер боло алышат:
- чакан ишканалар (иштегендердин саны 50 адамга чейин);
- орто ишканалар (иштегендердин саны 51ден 200 адамга чейин);
- ири ишканалар (иштегендердин саны 201 адамдан жогору).”;
- 10-пунктундагы “токтому” деген сөз “чечими” деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов