КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 465 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015 жылдын 11-декабрындагы № 854 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-декабрындагы № 854 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы жөнүндө жободо:

- 6-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:

“- өзүнүн компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга көмөктөшөт;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдеринин жоболорунун аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын берүүгө катышат”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                                        М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу