Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү бекитилгендигине байланыштуу айрым уюштуруу чаралары жөнүндө
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;
3) Тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинен архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү функцияларды өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги болуп кайра аталсын:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментин;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаментин;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментин;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Курулушта, баа түзүүдө жана сметалык ченемдөөдө аккредитациялоонун жана сертификаттоонун республикалык борборун;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтун;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги эки жумалык мөөнөттө штаттык бирдиктердин, түзүмдөрдүн жана мамлекеттик кызмат орундарынын тиешелүү ченемдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөө персоналынын чектүү штаттык саны жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери белгиленген тартипте:
- бир айлык мөөнөттө:
өздөрүнүн түзүмдөрүн жана штаттык ырааттамаларын ушул токтомго ылайык келтиришсин;
ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун, анын ичинде мамлекеттик органдардын жоболорунун жана башкаруу схемаларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизишсин;
- финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды мындан ары пайдаланууга байланышкан маселелерди чечүү, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдү кайра уюштурууга жана жоюуга байланышкан иш-чараларды жүргүзүү үчүн комиссияларды түзүшсүн, тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурушсун;
- штатты өткөрүп берүүдө өткөрүп берилип жаткан функцияларды аткаруу үчүн ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата тиешелүү кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер которулууга тийиш экендигин көңүлгө алышсын;
- бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү, тиешелүү мамлекеттик органдарга жүктөлгөн башка функцияларды аткарууну камсыз кылышсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине, анын ичинде мамлекеттик органдарды тейлөөчү кызматкерлерге (техникалык тейлөөчү персонал, кенже тейлөөчү персонал) эмгек акы тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн белгиленген эмгек акы төлөөнүн колдонуудагы шарттары боюнча төлөнө тургандыгы;
- бул токтом бекитилген штаттык сандын жана мамлекеттик органдар үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырыла тургандыгы.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов