Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 235-тиркемесинин аталышында “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 138 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борборун түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы, 1 жана 2-пункттарындагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Борборду туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай издеп тапсын, ишин техникалык жана коммуникациялык жактан тейлөөнү камсыздасын.”:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борбору жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет.”;
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Борбор өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банк системасында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептери бар.”;
- 13-пункту “Борбордун максаты” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык уюмдардын документтерин” деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) илимий, техникалык, медициналык, юридикалык, экономикалык, ошондой эле башка тексттерди, анын ичинде товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалыматты (этикеткалардын, маркалоонун тексттери, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорт) мамлекеттик (кыргыз) жана/же расмий (орус) тилдерге которуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын мамлекеттик (кыргыз) тилге которуу боюнча кызмат көрсөтүү.”;
- 15-пунктунда:
1, 7, 8, 13 жана 17-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
20-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20) мамлекеттик заказдын же жеке адамдардын заказынын негизинде котормо кызматын келишимдик негизде көрсөтөт, которулган материалдарга экспертиза жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасы үчүн расмий документтерди, келишимдерди жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын которуу боюнча кызмат көрсөтөт;”;
21-пунктчасындагы “усулдук колдонмолорду даярдайт жана басып чыгарат” деген сөздөр “усулдук колдонмолорду даярдоого катышат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй мазмундагы 27-пунктча менен толукталсын:
“27) белгиленген тартипте эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартат;”;
- 16-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16. Борбордун ишин директор башкарат, аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.”;
- 17-пунктунда:
8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8) Борбордун финансы-бухгалтердик жана өндүрүштүк ишине жетекчилик кылат, кол коюу үчүн өзгөчө укукка ээ, ишеним катсыз келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимин түзөт, ишеним кат берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, ушул Жободо белгиленген чекте каражаттарды тескөө укугун пайдаланат;”;
- мамлекеттик тилдеги текстинин 10-пунктчасындагы “мыйзамдарда” деген сөз “жарандык мыйзамдарда” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) жабдууларды сатып алууга, сөздүктөрдү түзүүгө жана чыгарууга;”;
- 21-пунктундагы “Премьер-министрине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетинин Төрагасына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов