Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 «Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Пенсиялык топтоо каражаттарынын сактыгын жана өсүшүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 «Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелери төмөнкүдөй мазмундагы 3-глава менен толукталсын:
«3. Пенсиялык топтоо каражаттарын жайгаштыруу үчүн
кредиттик уюмдарды тандоо критерийлери
9. Пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөттүү депозиттерге жайгаштыруу үчүн кредиттик уюмдарды тандоо критерийлери:
1) кредиттик уюмдарда банктык операцияларды жүргүзүү, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү салымдарды тартуу укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тийиштүү лицензиясынын болушу;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын, ошондой эле «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттешүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун мөөнөттүү депозиттик салымды кабыл алууга табыштамалар берилген датадан мурунку 12 айдын ичинде бардык отчеттук даталарга (ай сайын) карата сакталышы;
3) акыркы эки жылда чыгашасыз иштердин жүргүзүлүшү;
4) мөөнөттүү депозиттик салымды кабыл алууга табыштамалар берилген датадан мурунку акыркы эки жылда бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун стандарттарында белгиленген эсепке алуунун жана отчеттуулуктун шайкештигин ырастаган тышкы аудитордун эскертүүсүз чыгарылган корутундусунун болушу;
5) мөөнөттүү депозиттик салымды кабыл алууга табыштамалар берилген датадан мурунку акыркы отчеттук датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдында, ошондой эле башка кредиторлордун жана контрагенттердин алдында тындырылбаган жана мөөнөтү өткөн карыздардын болбошу;
6) мөөнөттүү депозиттик салымды кабыл алууга табыштамалар берилген датадан мурунку акыркы отчеттук датага карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнө карыздын болбошу;
7) мөөнөттүү депозиттик салымды кабыл алууга табыштамалар берилген датадан мурунку акыркы отчеттук датага карата жеке жактардан депозиттерди тартууга, жеке жана юридикалык жактарга алыш-бериш эсептерин ачууга тыюу салуулардын же чектөөлөрдүн жоктугу;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен соттук териштирүүлөрдүн жоктугу;
9) кредиттик уюмдар убактылуу башкаруу режиминде эмес, ошондой эле кредиттик уюмдарда тикелей банктык көзөмөл киргизилген эмес.
Кредиттик уюмдардын ушул эрежелердин 9-пунктунда аталган критерийлерге шайкештигин ырастоо боюнча маалыматтардын тактыгына жоопкерчилик, аларды берген адамдарга жүктөлөт.
10. Кредиттик уюмдардын критерийлерге шайкештигин ырастаган маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы макулдашуу боюнча, кредиттик уюмдар, ыйгарым укуктуу салык органы жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев