КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 24 токтому

Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында, карамагына тиешелүү штаты, финансы жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинен төмөнкүлөрдү өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги түзүлсүн:

1) төмөнкү чөйрөлөрдө саясатты иштеп чыгуу боюнча функцияларды:

- инвестициялар;

- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк;

- мамлекеттик мүлктү башкаруу;

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын банкроттугу чөйрөсүндөгү саясаттан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жана анын алдын алуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүүнүн өзгөчө (атайын) режимине ээ болгон эркин жана башка экономикалык аймактарды өнүктүрүү;

2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондду Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өзгөртүп түзүү менен;

3) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментти Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментке өзгөртүп түзүү менен;

4) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү менен.   

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) ушул токтом бекитилген штаттык сандын жана тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырыла тургандыгы;

2) эмгек мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ээлеген кызмат орундары боюнча Инвестиция министрлигинин карамагына киргизилген функцияларды ишке ашыруучу кызматкерлери квалификациялык талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин борбордук аппаратына кайра дайындалууга тийиш экендиги;  

3) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине, анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген колдонуудагы эмгекке акы төлөө шарттары боюнча жүргүзүлө тургандыгы.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигин Бишкек шаары, Раззаков 8/1 көчөсү дареги боюнча жайгашкан имаратка жайгаштырсын.

5. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги бир айлык мөөнөттө:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна ведомстволук бөлүмдөрүнүн жоболорунун жана башкаруу схемаларынын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун, анын ичинен Министрликтин жобосун жана башкаруу схемасын өзгөртүү боюнча долбоорлорду киргизсин;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу финансылык маселелерди, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин чыгымдар сметасы боюнча бюджеттик каражаттарды Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине өткөрүп берүү боюнча  маселелерди чечсин.

7. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) бир айлык мөөнөттө түзүмдөрүн жана штаттык санын ушул токтомго ылайык келтиришсин;

2) финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды андан ары пайдаланууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле ведомстволук бөлүмдөрдү кайра түзүүгө байланышкан иш-чараларды жүргүзүү боюнча биргелешкен комиссия түзүшсүн, тиешелүү жол-жоболордун аткарылышын уюштурушсун;

3) штатты өткөрүп берүүдө ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата өткөрүп берилүүчү функциялар боюнча тиешелүү кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер өткөрүп берилүүчү функцияларды аткаруу үчүн которулууга тийиш экендигин эске алышсын; 

4) бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүшсүн;

5) өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

6) мамлекеттик органдарга жүктөлгөн функциялардын үзгүлтүксүз аткарылышын камсыз кылышсын;

7) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын  13-ноябрындагы № 736 «Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун 5-пунктчасы, 5-тиркемеси.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага                                                                                    У.А.Марипов

Тиркемелер

Басып чыгаруу