КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтому

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө

Аткаруу бийлигинин айрым мамлекеттик органдарынын жана алардын ведомстволук уюмдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-94-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлсүн.

2.  Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:

1) төмөнкү мамлекеттик ишканаларды жана мекемени кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы:      

  - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасы; 

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Соцсервис» мамлекеттик ишканасы;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси;

-  Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызмаркасы» мамлекеттик ишканасын кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы.

3. Төмөнкүлөр кайра аталсын:

1) Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги болуп;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттиги болуп;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти болуп;

  4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси болуп;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы болуп;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы болуп.

         4.   Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын укук мурастоочусу болуп саналары;

2) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы төмөнкү мамлекеттик ишканалардын жана мекеменин укук мурастоочусу болуп саналары:

    - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын; 

   - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасынын; 

   - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын; 

   - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемесинин;

     3) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз маркасы» мамлекеттик ишканасынын укук мурастоочусу болуп саналары;

  4) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын, электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасынын, бирдиктүү идентификациялоо системасынын, Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын оператору болуп саналары;

5) кайра уюштурулуп жаткан юридикалык жактардын кызматкерлеринин, анын ичинде аларды тейлеген кызматкерлердин (техникалык тейлөөчү персонал, кенже тейлөөчү персонал) эмгек акысын төлөө эмгек акыны төлөөнүн колдонуудагы шарттарында белгиленгенден кем эмес өлчөмдө жүргүзүлөрү.

    5. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жобо ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык;

4) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттиги жөнүндө жобо ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык;

5) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобо ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык;

6) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесини жөнүндө жобо ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык;

7) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын уставы ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык;

8) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын уставы ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык.

       6. Ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилсин.

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте ушул токтомдо көрсөтүлгөн юридикалык жактарды жайгаштыруу боюнча чараларды көрсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:

1) финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды мындан ары пайдалануу боюнча маселелерди чечүү, ошондой эле юридикалык жактарды кайра уюштурууга байланышкан иш-чараларды өткөрүү үчүн комиссияларды түзсүн; 

2) кайра уюштурулган ишканалардын жана мекемелердин бошотулган кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жумушка орноштуруу боюнча чараларды көрсүн; 

3) ушул токтомдо көрсөтүлгөн юридикалык жактарды юстиция органдарында каттоону жана кайра каттоону белгиленген тартипте камсыз кылсын;

4) бир айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтирүү максатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.

9. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине ушул токтомдо көрсөтүлгөн кайра уюштурулуучу юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын жана бөлүштүрүү баланстарын бекитүүгө ыйгарым укук берилсин.

10. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.


Төрага                                                                                   У.А.Марипов

Тиркемелер

Басып чыгаруу