Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 “Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 “Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегинде:
1-бөлүмдө:
- 1, 3 жана 12-пункттарындагы “Өзгөчө кырдаалдар министрлиги” деген сөздөр “Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5 жана 6-пункттарындагы “Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги” деген сөздөр “Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктундагы “Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги” деген сөздөр “Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүмдүн 1-пункту “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги” деген сөздөрдөн кийин
“, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов