КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 462 токтому

2018-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган  Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2018-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу