Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин айрым маселелери жөнүндө
«Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 314 «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы «Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине» деген сөздөр «Санариптик өнүктүрүү министрлигине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы «Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине» деген сөздөр «Санариптик өнүктүрүү министрлигине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пунктунда:
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
үчүнчү абзацындагы «байланыш тармагын өнүктүрүүгө,» деген сөздөр алып салынсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо
- Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду (мындан ары – Фонд) санариптик трансформациялоону өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине (мындан ары – Министрлик) жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды үзгүлтүксүз жана талаптагыдай аткаруу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналык системасында өзүнчө алыш-бериш эсеби түрүндө түзүлөт.
- Фондду түзүүнүн булактары
2. Фондду түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) электр жана почта байланышы кызматтарын көрсөтүүчүнүн түшкөн акчасынан 0,9 пайыз өлчөмүндө байланыш тармагын өнүктүрүүгө ар жылдык төлөмдөрдүн эсебинен республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 40 пайызы;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ыктыярдуу салымдар.
- Фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби
3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды күтүүгө;
2) маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү илимий-техникалык, инновациялык ишти финансылык камсыздоого, анын ичинде стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди түзүү боюнча илимий-изилдөө иштерине акы төлөөгө;
3) Министрликтин кызматкерлерин окутуу, такшалтуу жана квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш жаатындагы конференцияларга, семинарларга катышууга;
4) Министрликтин материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө;
5) Министрликтин жамааттык келишимде каралган милдеттенмелерин аткарууга.
4. Фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча конкреттүү багыттарды Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри белгилейт жана бекитет.
- Эсепке алуу тартиби жана отчеттуулук
5. Электр жана почта байланышы кызматтарын көрсөтүүчүнүн түшкөн акчасынан ар жылдык төлөмдөрдүн 0,9 пайыз өлчөмүндө каражаттары байланыш тармагын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө которулат жана Министрликке караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин топтоочу эсебинде эске алынат.
6. Министрликке караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен бирдикте иш жүзүндө келип түшкөн финансы каражаттарын эсепке алуу үчүн ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5ине (беш) чейин салыштыруу актысын түзөт.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Фондго салыштыруу актыларынын негизинде иш жүзүндө келип түшкөн каражаттардын 40 (кырк) пайыз өлчөмүндө финансы каражаттарын ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10уна (он) чейин жиберет.
8. Фонддун каражаттары чыгымдардын бекитилген сметасына жана иш жүзүндө келип түшкөн акча каражаттарына ылайык чыгымдалат.
9. Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Фонддун каражаттарынын тескөөчүсү жана аларды пайдалануу үчүн жооптуу адам болуп саналат.
10. Министрликтин финансы бөлүмү Фонддун каражаттарын түзүүнү (келип түшүүсүн), бөлүштүрүүнү эсепке алат, каражаттардын белгиленген тартипте бекитилүүчү сметалык багыттарына ылайык максаттуу пайдаланылышын контролдойт жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аталган каражаттар боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине отчет берет.