КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 477 токтому

Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Акыл эсинин жана дене боюнун өнүгүшүндө бузуулары бар балдарды билим берүү менен камтууну көбөйтүү, алар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев