КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 460 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө жободо:

- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 10-13-пунктчалар менен толукталсын:

“10) жоруктар жөнүндө иштер боюнча алгачкы текшерүү органдарынын функцияларын компетенциясынын чегинде жүргүзүү;

11) бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү компетенциясынын чегинде жүргүзүү;

12) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенишүүнү жүзөгө ашыруу;

13) өз компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоого көмөк көрсөтүү.”

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                     М.Д.Абылгазиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу