КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 463 токтому

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүсүн камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция 2018/2019-жылдагы жылытуу мезгилинин башталышына карата мекемелердин, анын ичинде медициналык, билим берүү жана социалдык мекемелердин буу казандарынын жана жылуулук механикалык жабдууларынын даярдыгын камсыздоо боюнча ыкчам чараларды көрүшсүн жана аларды коопсуз эксплуатациялоону камсыздашсын.

2. “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

-  “Чыгышэлектр” жана “Ошэлектр” ачык акционердик коомдору менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 249 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтому менен бекитилген электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлдерин ашырууга жол бербөө боюнча чараларды көрүү;

-  “Түндүкэлектр” жана “Электр станциялар” ачык акционердик коомдору менен бирдикте 2018-жылдын 25-октябрына чейинки мөөнөттө 110 кВ кабелдик линиясын төшөө ишин аяктоону, Бишкек шаарынын ЖЭБинин ОРУ-110 кВ линиясына кошулууну жана 110/35/6 кВ “Бишкек” подстанциясын эксплуатацияга киргизүүнү камсыздоо;

-   “Электр станциялар” ачык акционердик коому менен бирдикте Токтогул ГЭС каскады жана Бишкек шаарынын ЖЭБи боюнча капиталдык оңдоо планын өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча иштиктүү чараларды көрүү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен бирдикте барууга кыйын болгон жерлерде жашаган калкты отун менен камсыздоо максатында калкка көмүр жеткирүүнү жана зарыл болгон санда отун базаларын жана көмүр сатуу, анын ичинде көчмө пункттарын ачууну камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому тарабынан Ош шаарынын ЖЭБине жеткирилген жагылуучу мазуттун баасын “Электр станциялар” ачык акционердик коому талап кылган сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн өзгөрүшүн эске алуу менен кайра карап чыксын.

5. “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомуна “Электр станциялар” ачык акционердик коому менен бирдикте төмөнкүлөр сунушталсын:

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому тарабынан Ош шаарынын ЖЭБине жеткирилген жагылуучу мазуттун сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн өзгөрүшүнө негиздеме берүү;

-   Ош шаарынын ЖЭБине жагылуучу мазутту зарыл болгон көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө жеткирүүнү камсыздоо.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 249 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-   15-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

-   жогоруда аталган токтомдун 2-11, 13, 14, 15 жана 17-тиркемелери ушул токтомдун  1-14-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

тиркеме