Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 “Ишкердик субъекттерди каржылоо” программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Ишкердик субъекттерди каржылоо” программасын ишке ашыруунун алкагында түшкөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 “Ишкердик субъекттерди каржылоо” программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи сүйлөмүндөгү “каражаттарды Программага ылайык тандалып алынган коммерциялык банктар аркылуу ишкердик субъекттерге андан ары кредит берүүгө багыттасын” деген сөздөр “каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык андан ары колдонулууга тийиш” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов