КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 41 токтому

Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1.  Төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин (реэкспортту, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген гуманитардык жардамды кошпогондо):

- 1-тиркемеге ылайык айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары;

- 2-тиркемеге ылайык айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары.

2.   Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты күн өткөндөн кийин убактылуу тыюу салуунун киргизилери белгиленсин.

3.  Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей, бул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын. 

4.   Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей, бул токтомдун  1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын. 

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы бул токтомдун 1-пунктунда аталган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн. 

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн. 

7.  Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Төрага                                                                                    У.А.Марипов

тиркеме № 1,2.docx