Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин эскертүүсүндө:
5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Жетекчинин эки кеңешчисинин жана эки жардамчысынын кызмат орду каралган Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинен тышкары, Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, өзгөчө статусу бар мамлекеттик бийлик органдарында жана борбордук органдарында жетекчинин бир кеңешчисинин жана бир жардамчысынын кызмат орду каралат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу администрациялык ведомстволордо жетекчинин бир жардамчысынын кызмат орду каралат.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов