КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 457 токтому

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө

Укук колдонуу практикасында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин натыйжалуулугун камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы № 124 “Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштыруучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун демилгелөө 2020-жылдын 1-январына чейин токтотулсун:

- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине;

- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине;

- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине;

- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине;

- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине.

2. Өкмөттүн ушул токтомунун 1-пунктунун аракети жогоруда аталган кодекстерге төмөнкүлөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштыруучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жайылтылбайт:

-  Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу;

- Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын концептуалдык негиздерин сактоо шартында “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу;

- келтирилген зыянды аныктоого жана ордун толтурууга байланышкан эскирүү мөөнөтүн өзгөртүү;

-  укук колдонуу практикасынын жүрүшүндө пайда болушу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды жоюу (карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюу).

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

 

  Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев 

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу