Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын ташып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын ташып келүүнүн жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 33 чечимине, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерге, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен 40 миң тонна көлөмүндө ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын бөлүштүрүүнүн эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги 2021-жылдын 30-сентябрына чейинки мөөнөттө:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын ташып келүүгө үчүнчү өлкөлөр менен контракттары бар өндүрүүчү ишканалардын, жеткирип берүүчүлөрдүн жана ташып келүүнүн бөлүштүрүлгөн көлөмүнүн тизмесин министрликтин расмий сайтына жайгаштырсын;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына төмөнкүлөрдү жиберсин:
- ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын максаттуу пайдалануу жөнүндө юридикалык жана жеке жактардын милдеттенмесин;
- тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген кантты ташып келүүнүн бөлүштүрүлгөн көлөмү жөнүндө корутундунун көчүрмөсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А. Марипов
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен 40 миң тонна көлөмүндө ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын бөлүштүрүүнүн эрежелери
- Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер ички рынокто сатуу же кант камтылган продукцияларды өндүрүү үчүн гана багытталган, ЕАЭБдин ТЭИ ТН 1701 99 100 коду менен классификацияланган ак кантты жана ЕАЭБдин ТЭИ ТН 1701 13, 1701 14 коддору менен классификацияланган жыпар жыт берүүчү же боёогуч кошулмалары жок иштетилбеген камыш кантын (мындан ары – иштетилбеген кант) Кыргыз Республикасынын аймагында тарифтик жеңилдикти колдонуу менен өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн ташып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
өндүрүүчү ишкана – Кыргыз Республикасынын ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган жана төмөнкү критерийлерге ылайык келген юридикалык же жеке жак:
- ишканада кант камтылган продукцияларды өндүрүү, иштетилбеген кантты кайра иштетүү үчүн керектүү болгон технологиялык жабдуулардын болушу;
- кант камтылган продукцияларды, иштетилбеген канттан алынуучу ак кантты сериялык өндүрүүнүн болушу;
ак кантты, иштетилбеген кантты жеткирип берүүчү (мындан ары - жеткирип берүүчү ) – Кыргыз Республикасынын ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган, ак кантты, иштетилбеген кантты жеткирип берүүгө өндүрүүчү ишкана менен контракты, ошондой эле тийиштүү салыктык чегерүүлөр жана бажы төлөмдөрү менен ырасталган айыл чарба жана/же азык-түлүк продукцияларын жеткирип берүү тажрыйбасы бар юридикалык же жеке жак;
ташып келүүнүн көлөмү – Кыргыз Республикасына ташылып келиши мүмкүн болгон жана Евразия экономикалык комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги чечими менен Кыргыз Республикасы үчүн 40 миң тоннадан ашпаган көлөмдө аныкталган ак канттын, иштетилбеген канттын белгиленген көлөмү;
тарифтик жеңилдик – Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажылык тарифинде каралган, үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соода жүргүзүүнү жөнгө салууда колдонулуучу ташып келүү бажы алымынын төмөндөтүлгөн ставкасы же ташып келүү бажы алымын төлөөдөн бошотуу.
2. Тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген кантты ташып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрүүнүн тартиби жана шарттары
3. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган):
1) Кыргыз Республикасынын аймагына тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын ташып келүүгө үчүнчү өлкөлөр менен контракттары бар өндүрүүчү ишканалардын, жеткирип берүүчүлөрдүн жана ташып келүүнүн бөлүштүрүлгөн көлөмүнүн тизмесин (мындан ары - Тизме) түзөт;
2) тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген кантты ташып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрөт;
3) айрым учурларда (калдык калса, ташып келүүнүн көлөмүнөн баш тартылса, юридикалык жак Тизмеге киргизилген күндөн тартып төлөгөн же товарды жүктөп жөнөткөн фактыны ырастоочу документтер берилбесе) тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген кантты ташып келүүнүн көлөмүн кайра бөлүштүрөт;
4) тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ташып келинген ак кантты жана иштетилбеген кантты максаттуу пайдалануу жөнүндө ырастоону берет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу менен ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген кантты бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен байланышкан бажы операциялары бажы органдары тарабынан төмөнкүдөй шарттар сакталган учурда гана жүргүзүлөт:
1) ташып келүү ыйгарым укуктуу орган түзгөн Тизмеге киргизилген өндүрүүчү ишкана тарабынан 2021-жылдын 30-сентябрына чейин ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына квоталардын берилген көлөмдөрүн көрсөтүү менен кулактандыруу жарыяланган күндөн баштап жүзөгө ашырылса;
2) ак канттын жана иштетилбеген канттын декларанты болуп саналган адам бул товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде гана максаттуу пайдалануу жана мындай товарларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө болгон башка мамлекеттердин аймагына ташып кетпөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмесин берсе;
3) тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген кантты ташып келүүнүн бөлүштүрүлгөн көлөмү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусунун көчүрмөсүн берсе.
3. Тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген кантты ташып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрүүнүн методу
5. Ыйгарым укуктуу орган ак канттын жана иштетилбеген канттын көлөмүн төмөнкүлөрдүн ортосунда бөлүштүрөт:
- ак кантты импорттоочулардын;
- кант камтылган продукцияларды өндүрүүчү ишканалардын;
- ак кантты өндүрүүчү ишканалардын.
6. Ташып келүүнүн көлөмүн бөлүп берүү жөнүндө өтүнмөлөр ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 2021-жылдын 15-сентябрына чейин кабыл алынат жана түзүлөт.
Өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
- уставдын көчүрмөсү, юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү же жеке ишкердин (жеке жактын) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү;
- ак кантты, иштетилбеген кантты жеткирип берүүгө контракттын көчүрмөсү;
- контракт боюнча төлөнгөнүн же контракт боюнча товардын жүктөп жөнөтүлгөнүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына шайкештиги жөнүндө декларациянын көчүрмөсү;
- ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген кантты максаттуу пайдалануу жөнүндө милдеттенме;
- документтер өкүлү аркылуу берилген учурда - ишеним кат, өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү.
7. Ак кантты жана иштетилбеген кантты ташып келүүнүн көлөмүн жеткирип берүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрүү калган калдыкты жана өтүнүч ээси сураган көлөмдү эске алуу менен ташып келүүнүн көлөмүн бөлүп берүү жөнүндө жеткирип берүүчүлөрдүн өтүнмөлөрдү берүү кезегинин тартибинде ишке ашырылат.
8. Өтүнмөлөр ыйгарым укуктуу орган тарабынан 5 жумуш күндүн ичинде каралат. Өтүнмөнү кароонун жыйынтыгы боюнча тарифтик жеңилдик менен ташып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрүү же бөлүштүрүүдөн баш тартуу жөнүндө корутунду берилет.
9. Ак кантты жана иштетилбеген кантты ташып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрүүдөн баш тартуу жөнүндө корутунду ушул Эрежелердин 6-пунктуна ылайык документтер жок болгон учурда берилет.
10. Тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген кантты ташып келүүнүн көлөмү ал толук түгөнгөнгө чейин бөлүштүрүлөт.
11. Ыйгарым укуктуу орган расмий сайтына Тизмени жана 3-тиркемеге ылайык форма боюнча тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ташып келинүүгө тийиш болгон ак канттын жана иштетилбеген канттын бөлүштүрүлбөгөн көлөмү жөнүндө маалыматты жарыялайт, ал күн сайын жаңыланып турат.
Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен 40 миң тонна көлөмүндө ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын бөлүштүрүүнүн эрежелеринин 1-тиркемеси |
ӨТҮНМӨ
________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы же жеке жактын аты-жөнү)
тарифтик жеңилдикти колдонуу төмөнкүлөрдү ташып келүүгө көлөмдү бөлүп берүүнү суранат:
ак кантты (ЕАЭБдин ТЭИ ТН 1701 99 100) же иштетилбеген камыш кантын (ЕАЭБдин ТЭИ ТН 1701 13, 1701 14) ________________ тонна көлөмүндө.
Жетекчи | ___________________ | __________________________ |
(колу) | (аты-жөнү) |
Юридикалык жактар үчүн мөөрдүн орду (дата):
Жеке жактардын паспорттук маалыматтары: ________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен 40 миң тонна көлөмүндө ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын бөлүштүрүүнүн эрежелеринин 2-тиркемеси |
Товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө МИЛДЕТТЕНМЕ
1. Жалпы маалымат
Алуучу/импортер
____________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы)
ИНН 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0
2. Товар жөнүндө маалымат
____________________________________________________________
(товардын аталышы)
____________________________________________________________
(товардын идентификациялык/сериялык номери)
3. Товарларды максаттуу пайдалануу
Аталган товарларды алардын максаттуу багытына ылайык гана пайдаланууга милдеттенем.
Аталган товарларды максатсыз пайдаланган учурда Кыргыз Республикасынын бажы жана салык мыйзамдарына ылайык тиешелүү бажы алымдарынын, салыктардын жана туумдун суммасын төлөөгө милдеттенем.
Жетекчи | ______________________________ | __________________ |
(жетекчинин аты-жөнү) | (колу) |
____________________________________________________________
(ким экендигин күбөлөндүргөн документтин номери, берген орган, берилген дата жана колдонуу мөөнөтү)
Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен 40 миң тонна көлөмүндө ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын бөлүштүрүүнүн эрежелеринин 3-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын аймагына тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын ташып келүүгө үчүнчү өлкөлөр менен контракттары бар өндүрүүчү ишканалардын, жеткирип берүүчүлөрдүн жана ташып келүүнүн бөлүштүрүлгөн көлөмүнүн тизмесин
№ | Субъекттин аталышы | Товардын коду | Чечим кабыл алынган дата | Ташып келүүнүн көлөмү | Колдонуу мөөнөтү | Тарифтик жеңилдиктин суммасы (сом) | |||
ак кант | иштетилбеген кант | ||||||||
тонна | сумма (сом) | тонна | сумма (сом) | ||||||