Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу, турак жайга төлөөгө жөндөмдүү суроо-талапты жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби 3-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планынын жооптуу аткаруучулары болуп саналган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө жана толук көлөмдө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалымат тапшырып турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015–2020» программасынын катышуучуларынын тизмеси Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасынын катышуучулары боюнча түзүлүүчү тизмеге кошула тургандыгы белгиленсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 «Арзан турак жай 2015–2020» программасын бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 501 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 537 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов