КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 76 токтому

2021-жылдын июлундагы дем алыш күндү которуу жөнүндө

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин  113-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2021-жылдын 24-июлундагы дем алыш күнү 2021-жылдын 19-июлундагы иш күнүнө которулсун.

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2021-жылдын  24-июлундагы дем алыш күнүн 2021-жылдын 19-июлундагы иш күнүнө которуу сунушталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага                                                                                  У.А.Марипов

                                      

Тиркемелер

Басып чыгаруу