Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментине;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментине;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментине;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтуна;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтуна;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Курулушта, баа түзүүдө жана сметалык ченемдөөдө аккредитациялоонун жана сертификаттоонун республикалык борбору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борборуна.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө:
- ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык сандын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов