Акциздик маркалар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана улуттук кызыкчылыктарды коргоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295 беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 8-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Акциздик маркалар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген тартипке ылайык, конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык салык кызматынын ыйгарым укуктуу органынын заказы боюнча даярдалат. Акциздик маркалардын формасы жана үлгүлөрү салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан конкурстун жеңүүчүсү менен биргеликте иштелип чыгат.”;
- 21 жана 22-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“21. Акциздик маркалар мамлекеттик атайын бланктар болуп саналат.
22. Алкоголдук ичимдиктерге акциздик маркалар кагазда даярдалат, тиешелүү формада жана өлчөмдө, бир же бир нече коргоочу элементтери, аталышы жана мамлекеттик гербинин сүрөтү, катар номери, электрондук-маалымат элементи жана продукциянын түрүн аныктоочу сериясы жана колдонулуучу идиштин диапазону болот. Тамеки буюмдарына арналган маркалар кагазда даярдалат, тиешелүү формада жана өлчөмдө, бир же бир нече коопсуздук элементтери, аталышы жана мамлекеттик гербинин сүрөтү, тогуз орундуу катар номери, электрондук-маалымат элементи жана продукциянын түрүн аныктоочу сериясы болот.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы “мамлекеттик маанидеги документтердин” деген сөздөрдөн кийин “жана атайын мамлекеттик бланктардын” деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы “мамлекеттик маанидеги документтердин” деген сөздөрдөн кийин “жана атайын мамлекеттик бланктардын” деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктта:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:”;
- үчүнчү абзацы “мамлекеттик маанидеги документтердин” деген сөздөрдөн кийин “жана атайын мамлекеттик бланктардын” деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесинде:
- аталышы “мамлекеттик маанидеги документтердин” деген сөздөрдөн кийин “жана атайын мамлекеттик бланктардын” деген сөздөр менен толукталсын;
- “Документтердин тизмеси” деген графасынын аталышы “Документтердин” деген сөздөн кийин “жана бланктардын” деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
18 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Акциздик жыйымдын маркалары |
”.
3. Мурда сатылып алынган ыйгарым укуктуу банкта болгон акциздик жыйымдын маркалары Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан өндүрүүчүлөргө жана/же импортерлорго ушул акциздик маркалар толук колдонулганга чейин сатылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 655 “Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага У.А. Марипов