2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 4-майындагы № 113 «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна жана «РСК Банк» ачык акционердик коомуна 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун тургундары жана ишкердик субъекттери (мындан ары - жабыр тарткан ишкерлер) 2021-жылдын 28-апрелине чейин алган зайымдык каражаттарын белгиленген тартипте эсептен чыгаруу жана кайра түзүмдөштүрүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Борбордук казначылыгынын топтоо эсебинде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында топтолгон Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттарынын каражаттарынын эсебинен жабыр тарткан 76 ишкерге 15 200 000 (он беш миллион эки жүз миң) сом суммасында бюджеттик кредитти төмөнкүдөй шарттарда берсин:
- кредиттин суммасы – 200 000 (эки жүз миң) сомдон;
- пайыздык ставка -жылына 0,1 пайыз;
- кредитти төлөө мөөнөтү - 3 (үч) жыл, квартал сайын бирдей төлөмдөр менен;
- күрөөсүз негизде;
- финансылык санкциялар – жылына 0,2 пайыз, алар кечиктирилген карыздын суммасына эсептелет;
- карыздын негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил – 1 (бир) жыл;
2) жабыр тарткан ишкерлерге зыяндарын ордун толтуруу боюнча бир жолку компенсацияны 14 505 000 (он төрт миллион беш жүз беш миң) сом суммасында Тартипке ылайык төлөп берүүнү камсыз кылсын;
3) «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов
Тиркеме
2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартиби
- Жалпы жоболор
1) Бул Тартип 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине (мындан ары - жабыр тарткан ишкерлер) зыяндын ордун толтуруу механизмин белгилейт.
2. Бул Тартип төмөнкү ишкердик субъекттерге карата колдонулбайт:
1) менчигинде мамлекеттик жана/же муниципалдык үлүшү бар;
2) автомай куюу станцияларын пайдалануу боюнча ишти жүзөгө ашырган;
3) 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин жабыр тарткан объекттерге жеке менчик укугун сатып алгандар же жабыр тарткан объектке жеке менчик укугун ажыраткандар.
2. Зыяндын өлчөмүн баалоо
3. Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыян, ошондой эле жабыр тарткан ишкерлердин тизмеси Баткен облусунун райондук мамлекеттик администрациялары түзгөн ведомстволор аралык топтор тарабынан аныкталат жана тастыкталат.
3. Жабыр тарткан ишкерлерди аныктоо тартиби
4. Төлөмдү (компенсацияны) алуу үчүн жабыр тарткан ишкерлер Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына төмөнкүдөй документтерди бериши керек:
1) компенсацияны төлөп берүү жөнүндө арызды;
2) жарандын ким экендигин ырастоочу документ (паспорт) же жабыр тарткан ишкердин кызыкчылыгын көрсөтүү укугун ырастаган, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документти (ишеним катты);
3) экономикалык ишти жүргүзүү боюнча салыктык жана (же) эсептик каттоо жөнүндө салык органынын маалымкатын;
4) патенттин көчүрмөсүн же патентке акы төлөө жөнүндө салык органынан көчүрмөнү;
5) экономикалык иш субъектисинин банк эсебинин реквизиттерин.
5. Жабыр тарткан ишкерлердин тизмеси – бул ведомстволор аралык топтордун актылары менен тастыкталган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына киргизилген, 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында материалдык зыян тарткан Баткен облусунун чарбакер субъекттеринин тизмеси.
6. Жабыр тарткан ишкерлердин тизмесин аныктоо жана зыяндын өлчөмүн тастыктоо Баткен облусунун райондук мамлекеттик администрациялары түзгөн ведомстволор аралык топтор тарабынан камсыз кылынат.
7. Жабыр тарткан ишкерлердин тизмесинде жабыр тарткан ишкердин (же компенсация алуу укугуна нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катта көрсөтүлгөн анын өкүлүнүн) аты-жөнү; паспортунун номери же ыйгарым укуктуу органдан берилген көчүрмөдөгү маалыматтар (жашаган жерин; сом менен төлөнүүчү компенсациянын өлчөмүн көрсөтүү менен) камтылат.
4. Компенсацияны төлөө булактары
8. Жабыр тарткан ишкерлерге зыяндын ордун толтуруу боюнча бир жолку компенсацияны төлөө булактары республикалык бюджеттин каражаттары болуп саналат.
9. Жабыр тарткан ишкерлерге зыяндын ордун толтуруу боюнча бир жолку компенсация республикалык бюджеттен улуттук валютада төлөнөт.
5. Компенсацияны төлөө тартиби
10. Бир жолку компенсация ар бир жабыр тарткан ишкерге 25 000 (жыйырма беш миң) сомдон тартып, бирок 200 000 (эки жүз миң) сомдон ашпаган өлчөмдө жекече тартипте төлөнөт.
11. Бир жолку компенсациялар Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдерине (2021-жылдын 21-майындагы жана 2021-жылдын 14-июлундагы) ылайык Баткен облусундагы казналыктын райондук бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт.
12. Бир жолку компенсацияларды төлөп берүү үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөт.
____________________________________________________________