Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Билим берүүнүн сапатын камсыздоо, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен офлайн окутууга этабы менен өтүү, ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1 .Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 «Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө типтүү жободо:
- 11-пунктундагы «1» деген цифра «15» деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 «Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто кесиптик билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:
- 3.4-пунктундагы «1» деген цифра «15» деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 «Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жободо:
- 33-пунктунун биринчи абзацындагы «1» деген цифра «15» деген цифралар менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов