КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 451 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин ишинин сапатын жана натыйжасын жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  26-майындагы № 246 “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жободо: 

- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“21. Үй-бүлөлүк медайым күбөлүгү бар үй-бүлөлүк медициналык айымдарга, ошондой эле фельдшердик-акушердик пункттардын ортоңку персоналына кызмат орду боюнча базалык маянасынын 30 пайызы өлчөмдө кошумча белгиленет.”; 

- төмөнкүдөй мазмундагы 9-глава менен толукталсын: 

“9. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлерине индикаторлордун негизинде ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча акыны белгилөөнүн жана эсептөөнүн тартиби 

51. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын (мындан ары – БМСЖ саламаттык сактоо уюмдары) жалпы практикадагы дарыгерлерине индикаторлордун негизинде ишинин натыйжасы үчүн акы төлөөгө каражаттар республикалык бюджеттин каражатынан куралат. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлерине иштин жакшы натыйжасы үчүн акы ушул Жобонун 52-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары – ММКФ) тарабынан бекитилүүчү базалык ченемдин негизинде эсептелет. 

52. ММК фонду үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана жалпы практикадагы дарыгерлерге төлөө үчүн каражатты БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикадагы дарыгерлердин иш жүзүндөгү санынын негизинде эсептелген арыздары боюнча бөлүштүрөт.

 Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлерине төлөөчү каражаттар төмөндөгү формула боюнча эсептелет: 

ТК = БЧ х ҮБИС, мында: ТК - үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлерине төлөөчү каражаттар;

 БЧ – республика боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлеринин штаттык санын эсепке алуу менен эсептелген базалык ченем; 

ҮБИС - үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлеринин иш жүзүндөгү саны.

 53. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлерине индикаторлордун негизинде ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча төлөөчү акынын өлчөмү уюмдагы натыйжалуулуктун коэффициентинин бирдигинин акчалай эквивалентин ошол үй-бүлөлүк дарыгердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмунун жалпы практикадагы дарыгеринин ишинин натыйжалуулугунун коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет: 

АӨ = НКАЭ х НК, мында: АӨ - үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлерине ишин индикаторлордун негизинде баалоонун жыйынтыгы боюнча төлөнүүчү акынын өлчөмү; 

НКАЭ – БМСЖ саламаттык сактоо уюмундагы натыйжалуулук коэффициентинин бирдигинин акчалай эквивалентинин өлчөмү; 

НК – үй-бүлөлүк дарыгердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмундагы жалпы практикадагы дарыгердин ишинин натыйжалуулук коэффициенти. НКАЭ = ТК / НКС, мында: 

ТК  – үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмундагы жалпы практикадагы дарыгерлерге төлөнүүчү каражат; 

НКС – үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлердин натыйжалуулук коэффициентинин суммасы; 

НКС = НК1 + НК2 + НК 3 + НК4 +... + КСN, мында: 

НК (1:N) – үй-бүлөлүк дарыгердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмундагы жалпы практикадагы дарыгердин ишинин натыйжасынын коэффициенти. 

54. Натыйжалардын (индикаторлордун) критерийлери амбулатордук  клиникалык-маалыматтык формаларды жана статистикалык, медициналык маалыматтарды эске алуу менен белгиленет, алар үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлердин ишинин натыйжалуулук коэффициенттерин (индикаторлорун) эсептөө үчүн колдонулат. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлердин ишин баалоонун натыйжаларынын критерийлери (индикаторлору) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилет. 

55. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлердин ишинин натыйжалуулук коэффициенттери негизги кызмат орду боюнча гана бир ставкага эсептелет. 

56. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлерге натыйжалуулук коэффициентин колдонууда Эмгекке катыштык коэффициенти (ЭКК) чегерилбейт. 

57. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлерге индикаторлордун негизинде ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча акы төлөөдө “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында иштегени үчүн” коэффициент  колдонулбайт. 

58. ММК фонду үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлерге индикаторлордун негизинде ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча акылардын туура эсептелишине контролду камсыздайт.”.

 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте: 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2018-жылдын 1-октябрынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилге 157 500 000 (жүз элүү жети миллион беш жүз миң) сом, 2019-жылы - 630 000 000 (алты жүз отуз миллион) сом бөлүп берсин;

 - кийинки жылдарга тийиштүү каражаттарды караштырсын.

 3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги: 

- бир жуманын ичинде үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлердин иштерин баалоонун  натыйжаларынын критерийлерин (индикаторлорун) иштеп чыксын жана бекитсин; - өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин; - ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду: 

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тийиштүү өзгөртүүлөрдү эске алсын;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин бекитүүдө кийинки жылдарга карата каражаттарды караштырсын;

 - баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы №10-б буйругуна ылайык “Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы” пилоттук долбоорун ишке ашырып жаткан Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыздасын; 

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин; -ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн. 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 6. Ушул токтом 2018-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                     М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу