Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын «Келечек» мамлекеттик ишканасынын уставы, 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын «Механизациялаштырылган көчмө колонна» мамлекеттик ишканасынын уставы, 5-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын аскер кызматчыларын жана кызматкерлерин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мектепке чейинки мекемелеринде жана эс алуу объектилеринде тейлөө аскер кызматчылары жана кызматкерлер жөнүндө маалыматтарды эске алуу менен мурунку шарттарда ишке ашырылат;
2) жазык-аткаруу системасынын органдарына кызматка кабыл алынуучу жарандар, ошондой эле анын кызматкерлери кызмат өтөөгө жарактуулугун аныктоо үчүн жазык-аткаруу системасынын органдарынын аскердик-врачтык комиссияларынан медициналык күбөлөндүрүүдөн өтөт.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментине жарандарды аскердик кызматка чакырууну ишке ашырсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 «Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 75 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 «Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 778 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы «Келечек» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 2 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 26-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 462 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы «Келечек» мамлекеттик ишканасын кайра түзүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 611 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 «Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 19-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын түзүү жөнүндө» токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 215 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү жана сатып алуу чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 326 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы «Механизациялаштырылган көчмө колонна» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 471 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 534 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 706 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын госпиталы жана бейтапканасы» дарылоо мекемесин түзүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-январындагы №23 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 326 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы «Механизациялаштырылган көчмө колонна» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жана Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматка республикалык бюджеттен тиешелүү жылдарга каралган финансы каражаттарынын жана бекитилген штаттык санынын чегинде ишке ашырылары белгиленсин.».
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А. Марипов