“Шумкар” транс улуттук корпорациясы” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
Учкучсуз учуучу аппараттардын системасын өндүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталында мамлекеттин 100% катышуусу менен “Шумкар” транс улуттук корпорациясы” ачык акционердик коому түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду белгиленген тартипте:
1) бир акциясынын номиналдык наркы 100 (жүз) сом болгон 1000 (миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталы менен “Шумкар” транс улуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыксын;
2) коргонуу өнөр жайы, аскердик жана жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашып, “Шумкар” транс улуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунун уставын бекитсин;
3) Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында “Шумкар” транс улуттук корпорациясы” ачык акционердик коомдун мамлекеттик каттоосун жүргүзсүн;
4) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда “Шумкар” трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунун акцияларын түзүүчү эмиссиясын мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы менен биргеликте, коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарын төлөө менен, келишимдин акысыз пайдалануу шарттарында, «Шумкар” транс улуттук корпорациясы” ачык акционердик коомду жайгаштыруу жөнүндө маселени иштеп чыгышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы комитети менен макулдашуу боюнча “Шумкар” транс улуттук корпорациясы” ачык акционердик коомдун уставдык капиталын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акчалай каражат издеп таап жана бөлүп берсин;
2) “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун даярдоодо тийиштүү өзгөртүүлөрдү карасын. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансылар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов