Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын Бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган реестринде (тизмегинде):
- бүткүл тексти боюнча “МТБМК” жана “Мамкаттоо” деген аббревиатуралар “СӨР” деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
“Каттоо, маалымат кат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү тейлөөлөр” деген
4-главасында:
15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
15 | Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) берүү | ТИМ | ТИМ/p> | Акы төлөнөт |
”;
төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:
“
151 | Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү | ТИМ | ТИМ | Акы төлөнөт |
”;
“Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар” графасындагы 85-пункту “СӨР” деген аббревиатурадан кийин “, ТИМ” деген аббревиатура менен толукталсын;
- “Маалымат менен камсыздоо тейлөөлөрү” деген 6-главасында:
- 13, 15-пункттарынын “Мамлекеттик (акы төлөнүүчү же акысыз) тейлөө көрсөтүүнүн шарттары” деген графасындагы “Акы төлөнөт” деген сөздөр “Акысыз” деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 371, 381 жана 64-пункттар менен толукталсын:
“
371 | Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестринен маалыматты шашылыш берүү | ЮМ | ЮМ | Акы төлөнөт |
”;
“
381 | Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөлөрдү шашылыш берүү | ЮМ | ЮМ | Акы төлөнөт |
”;
“
64 | Хронологиялык тартипте юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө архивдик документтерден көчүрмөлөрдү шашылыш берүү | ЮМ | ЮМ | Акы төлөнөт |
”;
- “Башка кызмат көрсөтүүлөр” деген 9-главасында:
5-пунктунун “Мамлекеттик (акы төлөнүүчү же акысыз) тейлөө көрсөтүүнүн шарттары)” деген графасындагы “Акы төлөнөт” деген сөздөр “Акысыз” деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы №819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:
- 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы “мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алым төлөнөт” деген сөздөр “мыйзамдарында каралган каражаттар алынат” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов