2018-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө
Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2018-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгү 2018-жылдын 1-октябрынан тартып 2017-жылдагы орточо эмгек акынын 2016-жылдагы орточо эмгек акыга карата 105,5 пайызга өсүшүн эске алуу менен же 100 сомго индексациялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- 2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоого 73 049 800 (жетимиш үч миллион кырк тогуз миң сегиз жүз) сом суммасындагы чыгымдарды 2019-жылы республикалык бюджеттин каражаттарынан ордун толтуруу шарттарында 2018-жылы каржыласын;
- пенсиянын базалык бөлүгүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоого мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынан берилген 73 049 800 (жетимиш үч миллион кырк тогуз миң сегиз жүз) сом суммасындагы акча каражаттарын 2019-жылга республикалык бюджетте карасын жана 2019-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна ордун толтурулушун камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев