КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 142 токтому

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан регенерациялануучу кагаз жана картонду (макулатура жана таштанды) ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө 

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.  Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан регенерациялануучу, ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду менен классификацияланган кагаз жана картонду (макулатура жана таштанды) ташып чыгууга (эл аралык транзиттик жүк ташуудан тышкары) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин, ал ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып алты күн өткөндөн кийин ишке киргизилет. 

2.  Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбей, ушул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.

3.  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбей, ушул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

4.  Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды мыйзамсыз ташып чыгууну токтотууга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.

5.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

6.  Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Төрага                                                             У.А. Марипов

Тиркемелер

Басып чыгаруу