Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. ЕАЭБ ТЭИ ТН 3815 коду менен классификациялануучу катализаторлорду, ЕАЭБ ТЭИ ТН 2620 коду менен классификациялануучу металлдарды камтыган шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7112 коду менен классификациялануучу баалуу металлдардын же баалуу металлдар менен капталгандардын калдыктарын жана сыныктарын, ЕАЭБ ТЭИ ТН 8708 92 коду менен классификациялануучу катализаторлор бар болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты күн өткөндөн кийин киргизилүүчү убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте:
1) Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине кабарласын;
2) Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын жана Евразия экономикалык бирлигинин бүткүл бажы аймагына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салууну киргизүү жөнүндө сунушту Евразия экономикалык комиссиясынын кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салууну киргизүү жөнүндө кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага У.А. Марипов