Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин “Айылмаалымат” маалыматтык борбору” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу “АгроСмарт” санариптештирүү жана маркетинг борбору” мамлекеттик ишканасы болуп;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Айыл чарбаны механизациялоо жана энергетикалык камсыз кылуу департаменти Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департпарафаменти болуп;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси болуп.
2. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:
- тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен кошо алардын функцияларын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу” мамлекеттик мекемесин ага кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарба агенттигине;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Түштүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Түндүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору биригүү жолу менен Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 1 жана 2-тиркемелерге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 3 жана 4-тиркемелерге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Токой чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 5 жана 6-тиркемелерге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 7 жана 8-тиркемелерге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекция жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 9 жана 10-тиркемелерге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер жана суу мамлекеттик инспекциясы жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 11 жана 12-тиркемелерге ылайык;
7) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 13 жана 14-тиркемелерге ылайык;
8) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 15 жана 16-тиркемелерге ылайык;
9) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 17 жана 18-тиркемелерге ылайык;
10) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 19 жана 20-тиркемелерге ылайык;
11) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Балык чарба департаменти жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 21 жана 22-тиркемелерге ылайык;
12) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 23 жана 24-тиркемелерге ылайык;
13) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбор жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 25 жана 26-тиркемелерге ылайык;
14) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 27 жана 28-тиркемелерге ылайык;
15) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 29 жана 30-тиркемелерге ылайык;
16) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу “АгроСмарт” санариптештирүү жана маркетинг борбору” мамлекеттик ишканасынын уставы 31-тиркемеге ылайык;
17) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 32 жана 33-тиркемелерге ылайык;
18) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 34-тиркемеге ылайык;
19) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 35 жана 36-тиркемелерге ылайык;
20) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту” мамлекеттик ишканасынын уставы жана башкаруу схемасы 37 жана 38-тиркемелерге ылайык.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жободо:
- 9-пунктунда:
2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
“- үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутундуларды берүүнү жүзөгө ашырат;”;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин алып коюуга уруксат берүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле атайын уруксат боюнча токойду пайдалануу укугун тариздейт (токой кыюу билети, жыгачты чакан сатууга ордер, токой билети);”;
3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы кырк үчүнчү абзац менен толукталсын:“- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын - райондордун акимдеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо боюнча иштерди жүргүзөт;”;
- 14-пунктундагы “Премьер-министри” деген сөздөр “Министрлер Кабинетинин Төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пунктунда:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына министрдин орун басарларын, министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, мамлекеттик агенттик, мамлекеттик кызмат, мамлекеттик инспекция түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт, аларга карата мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;”;
он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- статс-катчынын сунуштамасы боюнча борбордук аппараттын кызматкерлерин, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин, мамлекеттик агенттик, мамлекеттик кызмат, мамлекеттик инспекция түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларынан тышкары, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын ээлеген кызмат ордуна дайындайт жана ээлеген кызмат ордунан бошотот, аларга карата “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;”;
2)жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин башкаруу схемасы 38-тиркемеге ылайык баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- кайра уюштурулуучу юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кайра уюштурулуучу ведомстволук бөлүмдөрүн жана уюмдарын мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-сентябрындагы № 191 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлеринин айрым маселелери жөнүндө” токтомунун 2-8-пункттары;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-4, 6-9-пункттары;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын19-мартындагы № 173 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 311 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун
2-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-февралындагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 7, 20 жана 30-пункттары;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 381 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-февралындагы № 76 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 187 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 16 жана 32-пункттары;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу” токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 45 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-июнундагы № 346 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын айрым маселелери жөнүндө” токтому;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 420 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-августундагы № 470 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 500 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ведомстволук бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтому;
19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы № 789 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
20) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 “Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 73 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө” токтому;
22) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 196 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 “Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
23) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” токтомунун 4-9, 11-пункттары;
24) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтому;
25) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 “Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо чаралары жөнүндө” токтомунун 1-4-пункттары;
26) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 618 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
27) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 149 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтому;
28) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому;
29) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө” токтому;
30) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 392 “Тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
31) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 17 “Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага У.А. Марипов