Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө
“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А. Марипов
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн ушул тартиби
(мындан ары – Тартип) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугун берүү маселелерин жөнгө салат.
2. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга төмөнкүлөр берилиши мүмкүн:
- жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участоктору;
- аукциондук жер казынасынын участоктору.
3. Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын участокторун берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Бул учурда конкурс жана/же аукцион талап кылынбайт.
4. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө маселени демилгелөө үчүн негиз алардын кайрылуусу болуп саналат.
5. Кайрылуу мамлекеттик же расмий тилдеги кат түрүндө, жетекчинин колу коюлган расмий бланкта түзүлөт, анда төмөнкүлөр камтылышы керек:
- жер казынасынын участокторунун аталышы;
- жер казынасынын участоктору жайгашкан жер;
- жер казынасын пайдалануунун түрү.
6. Катка милдеттүү түрдө төмөнкүлөр тиркелиши керек:
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арыз ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимдин (протоколдун) же коллегиалдуу же жалгыз аткаруучу органды түзүү жөнүндө башка документтин (контракттын, келишимдин) көчүрмөсү.
7. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттердин же мамлекеттик ишканалардын кайрылуусу жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Кайрылуу “биринчи берилген өтүнмө” принциби боюнча каралат.
8. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөөдөн баш тартуунун негизи төмөнкүлөр болуп саналат:
- ушул Тартиптин 5-пунктуна туура келбеген кат берүү;
- ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толук эмес тизмесин берүү;
- катта жана тиркелүүчү документтерде ачык каталардын же тастыкталбаган оңдоолордун (мөөрдүн изи, датасы жана мазмуну) бар экендиги;
- эгерде жер казынасынын билдирилген участогуна пайдалуу кендердин 2-тобуна таандык жер казынасынын бөлүгүн кошпогондо, ошол эле пайдалуу кендердин тобуна лицензия берилген болсо.
9. Ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 14 календардык күндүн ичинде баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат жана баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен жер казынасын пайдалануу укугун берүүдөн баш тарткандыгы тууралуу кат жиберет.
10. Жер казынасын пайдалануу укугун жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттерге же мамлекеттик ишканаларга берүү максатында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү тескемесинин долбоорун даярдайт.
11. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъектке же мамлекеттик ишканага жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизилет.
12. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети суралган участокко карата жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъектке же мамлекеттик ишканага жер казынасын пайдалануу укугун берүү чечимин кабыл алса, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 14 жумуш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берет.
13. Мамлекеттик компанияга карата башка лицензиялык маселелер жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жалпы тартипте каралат.