Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 7-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Транспорт каражаттарын каттоонун, кайра каттоонун мөөнөтүн бузуу аныкталганда каттоо иш-аракеттери менчик ээси тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча органдын ыйгарым укуктуу кызматкери толтурган бузуу жөнүндө протокол жана айып пул төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берилгенден кийин жүргүзүлөт.”;
- 32-пунктунун тогузунчу абзацы “чыгып,” деген сөздөн кийин “рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынан сырткары,” деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 541-пункт менен толукталсын:
“541. Рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын кузовун алмаштырууга тыюу салынат.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов