КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 438 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын эсепке алуу, сактоо жана берүүнү уюштурууга жана башкарууга байланышкан айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын эсепке алуу, сактоо жана берүүнү уюштурууга жана башкарууга байланышкан айрым чечимдерин жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 591 "Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелеринде:

10-пунктунда:

- "а)" жана "б)" пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"а) Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилеринин чечими менен бекитилген техникалык абалынын акыркы категориясына жеткен же куралдандыруудан (жабдуудан) алып салынган ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды утилдештирүүнүн ар бир жылдык пландарынын;

б) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу Мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилеринин чечими менен бекитилген куралдандыруудан (жабдуудан) алынбаган же техникалык абалынын акыркы категориясына кирбеген ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды утилдештирүү пландарынын;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 827 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарынын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдарды жана аларга ок-дарыларды, ошондой эле инженердик ок-дарыларды эсепке алууну, сактоону жана берүүнү уюштуруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарынын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдарды жана аларга ок-дарыларды, ошондой эле инженердик ок-дарыларды эсепке алууну, сактоону жана берүүнү уюштуруу боюнча нускамада:

- 123-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"123. Бөлүкчөлөрдө курал жана ага ок-дарылар, анын ичинде окуу куралдары куралды сактоочу бөлмөдө сакталышы керек. Куралды сактоо үчүн бөлмө болуп өзүнчө жай, темир контейнерлер (жүктөрдү ташуу үчүн арналган стандартташтырылган көп жолу пайдаланылуучу тара) же транспорт каражаттарынын кузов-фургону эсептелет.";

210-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Жогору турган башкаруу органынын чечимине ылайык жаңы түзүлүп жаткан жана резервдеги кошуундарды, бөлүктөрдү жана бөлүкчөлөрдү комплекттөө үчүн арналган ок атуучу курал темир контейнерлерде (жүктөрдү ташуу үчүн арналган стандартташтырылган көп жолу пайдаланылуучу тара) же транспорт каражаттарынын кузов-фургондорунда сакталат.";

237-пунктунда:

- мамлекеттик тилдеги текстиндеги "5 суткадан кеч эмес убакыттын" деген сөздөр "бир айдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- "аскер бөлүгүнүн ракеталык-артиллериялык куралдануу кызматына тапшырылат" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарган жана коргогон бөлүкчөлөр кызмат өтөгөн алыскы жетүүгө кыйын (тоолуу жана бийик тоолуу) жерлерде - үч айдын ичинде" деген сөздөр менен толукталсын. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 2-октябрындагы N 82 жарыяланды

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


М.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу