КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-сентябрындагы № 174 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы  529 “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 Жарлыгына ылайык келтирүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети бир айлык мөөнөттө айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду баалоо жана тандоо боюнча эксперттик комиссия түзсүн. 

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн. 

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Төрага                                                                                     У.А. Марипов

Тиркемелер

Басып чыгаруу