Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 «Кыргыз Республикасынын жарандарын «Консулдук эсеп» автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу механизмдерин мындан ары өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы №632 «Кыргыз Республикасынын жарандарын «Консулдук эсеп» автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын «Консулдук эсеп» автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жободо:
- аталышындагы «Консулдук эсеп» автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен» деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пунктта:
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
үчүнчү абзацта:
«, анын ичинде» деген сөздөр алып салынсын, «Маалыматтык системасын» деген сөздөрдөн кийин «(мындан ары – «Консулдук эсеп» АМС)» деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзацындагы «Консулдук эсеп» автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – консулдук эсеп)» деген сөздөр «Консулдук эсеп» АМС» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
«Даректик - маалымдама бюро» автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – «ДМБ» АМС)» – жашаган жери жана жүргөн жери боюнча жарандарды каттоо эсебине алуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган, каттоо эсебине алуу органдары тарабынан түзүлгөн жана колдонулган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп эсептелген система.
«Суратып алдырып алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары –«Суратып алдырып алуу» АМС) – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин маалымкатын берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтердин аныктыгын суратып алдырып алуу жана/же ырастоо жөнүндө маалыматты сактоо, өткөрүп берүү жана иштетүү менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы.»;
- 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Ушул Жобонун 13-пунктунун биринчи абзацы менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасындагы жооптуу орган болуп тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана башкаруу боюнча ишти жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын консулдук кызматы (мындан ары – консулдук кызмат), же Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептелет.»;
- 4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
«Эгерде жаран Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарылбаса, анда туруктуу консулдук эсепке алуу тууралуу жүргөн өлкөсүндөгү Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесине кайрылганда бул жаран тарабынан ушул Жобонун
9-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу жана даректен чыгуу баракчасын суратып алдырып алуу жөнүндө арызы берилет.
Консул «Консулдук эсепке алуу» АМС аркылуу жарандын Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу жөнүндө арызын Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дарегине жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын жаранынын арызынын негизинде ал каттоо эсебинен чыгарылгандан кийин «Суратып алдырып алуу» АМС аркылуу даректен чыгаруу баракчасын Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин дарегине жөнөтөт.»;
-8-пунктта:
4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
алтынчы абзацындагы «(түстүү сүрөт электрондук түрдө жиберилет)» деген сөздөр «(анын ичинде бетинин сүрөттөлүшү так көрүнгөн түстүү сүрөтүн)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-11-пунктта:
-3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
бешинчи абзацындагы «(түстүү сүрөт электрондук түрдө жиберилет)» деген сөздөр «(анын ичинде бетинин сүрөттөлүшү так көрүнгөн түстүү сүрөтүн)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-12-пунктунун биринчи – жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жарандарынын ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча арызынын негизинде төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
- жаран Кыргыз Республикасына кайтканда;
- Кыргыз Республикасынын жараны башка чет мамлекетке жашоо үчүн чыгып кеткенде;
- бир чет мамлекеттин чегинде Кыргыз Республикасынын жаранынын жашаган орду өзгөрүп, башка консулдук мекеменин консулдук округунун аймагына көчүп кеткенде.
Чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жаранынын арызы жок төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
- Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондо.»;
- 13-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Консулдук эсептен чыкпаган жана Кыргыз Республикасына чыгып кеткен жарандар ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз менен кайрылганда консулдук кызматта же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда консулдук эсептен чыгарылышы мүмкүн.»;
- 2, 5-7, 9-тиркемелери ушул токтомдун 1-5-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов