Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 «Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдар институтунун ишин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 «Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдугу Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жетектеген мекемени билдирет.»;
- 1.3-пунктунун жетинчи абзацы «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги диаспора уюмдарындагы жигердүүлүгү» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдугунун толук иштөөсү үчүн кеңселик жайынын болушу» деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.1-пунктунун он жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага У.А. Марипов