Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мамлекеттик эсепке алууну, кадастрын жана мониторингин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин ареалдарын, санын жана абалын аныктоо боюнча иш-аракеттерди регламенттөө, алынган маалыматтарды эсепке алуу, өзгөрүүлөргө баа берүү, биологиялык түрдүүлүктү сактоо үчүн терс процесстердин жана кубулуштардын кесепеттеринин алдын алуу жана аларды жоюу максатында, «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мамлекеттик эсепке алууну, кадастрын жана мониторингин жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев