КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27 - сентябрындагы №185 токтому

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым ставкаларын жана жыйымды эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

Жер казынасын пайдалануунун укуктук жөнгө салынышын өркүндөтүү максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 31-главасына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- пайдалуу кендерди издөөдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым ставкасы 2-тиркемеге ылайык;

- пайдалуу кендерди чалгындоодо жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым ставкасы 3-тиркемеге ылайык;

- пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым ставкасы 4-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтом күчүнө киргенге чейин берилген лицензиялар боюнча  лицензияларды кармоо үчүн жыйымдардын ставкаларынын өлчөмүн аныктоо мөөнөтүн эсептөө лицензиянын алгачкы берилген күнүнөн тартып жүргүзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 760 “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөө, төлөмдүн ставкаларын жана төлөмдү эсептөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Төрага                               У.А.Марипов


Тиркеме