КР Министрлер Кабинетинин 2021 - жылдын 27- сентябрындагы №186 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“27. Ушул Жобонун 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтурууда салык салынуучу субъект ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө ушул Жобонун № 1 тиркемесине ылайык бажылык тариздөө жүргүзүүчү бажы органынын белгиленген үлгүдөгү маалымкатын салык органына берүүгө милдеттүү.

Маалымкат Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарлардын жана транспорт каражаттарынын иш жүзүндө келип түшүшүндө, аларга товар коштоочу документтер болгондо жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенме келип чыкканда № 1тиркемеге ылайык салык салынуучу субъект бажы органына арыз берген учурдан тартып 2 календардык күндөн кечиктирбей берилет.

Орду толтурулган КНСтин ашып кетүү суммасынын колдонулушун контролдоо ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө маалымкат берген бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.

Орду толтурулган КНСтин ашып кетүү суммасы берилген маалымкатта көрсөтүлгөн ташып келинген товарларга карата гана колдонулат.”;

- 30-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- импортко КНС төлөөнүн эсебине КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтурууда – ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө бажылык тариздөө жүргүзүүчү бажы органынын маалымкатынын түп нускасын;”;

- № 1 тиркеме ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык № 1тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага                                                                                            У.А.Марипов


Тиркемелер

Басып чыгаруу