Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү ролун таануу менен, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өтүнүчүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 20-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрам болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 13-ноябрындагы № 751 “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.