Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө
Көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021/2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында жана республикадагы өзгөчө кырдаал режимин эске алуу менен, “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максималдуу бааны белгилөө менен
90 календардык күндүк мөөнөткө киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр жай,
отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө, экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов