2021 -жылдын 28 -июнунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы 2000 -жылдын 6-мартындагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ашхабад шаарында 2021 -жылдын 28 -июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы 2000 -жылдын 6-мартындагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу тиркелген Протокол бекитилсин (мындан ары - Протокол).
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө түркмөн тарапка билдирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов