КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24 - сентябрындагы № 183 токтому

Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө

Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык.

- Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 507 “Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы, 2 жана 21-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.”.

3. 2018-жылдын 10-октябрынан тартып бул токтом күчүнө киргенге чейинки мезгилде колдонуу мөөнөттөрү аяктаган мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимдери тараптардын ортосунда үч жылдык мөөнөткө кайра түзүлүүгө тийиш, мында алар ижара келишиминде узартуу жөнүндө шарттардын камтылганына карабастан бул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобонун 65-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга жооп бериши керек, ушуну менен бирге ижарага алуучулар мамлекеттик мүлктү иш жүзүндө пайдаланууну улантышат жана төмөнкүлөргө ылайык түзүлгөн келишимдердин негизинде ижара акысын төлөшөт:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобого;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 507 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого.

4. Бул токтомдун 3-пунктуна ылайык кайра түзүлүүгө тийиш болгон ижара келишимдериндеги ижара акысы бул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобонун 67-пунктунда каралган тартипте аныктала тургандыгы белгиленсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 10-пунктунун экинчи абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 “Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 “Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 25 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 “Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жана менчиктештирүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту, 2-пунктунун 1-пунктчасы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-февралындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 “Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-декабрындагы № 620 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 507 “Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Төрага                                                                                  У.А. Марипов


Тиркемелер

Басып чыгаруу