Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Инвестициялык фонддор жөнүндө», «Бухгалтердик эсеп жөнүндө», «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы топтомо пенсиялык фонддор жөнүндө», «Аудитордук иш жөнүндө», «Лотерея жөнүндө», «Ломбарддардын иши жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө», «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн пруденциялык ченемдер жөнүндө нускама, 2-тиркемеге ылайык;
- Топтомо пенсиялык фонддор үчүн пруденциялык ченемдерди эсептөө методикасы, 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 253 «Баалуу кагаздар рыногунда маалыматты ачуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 276 «Инвестициялык фонддордун отчеттору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 278 «Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн пруденциялык чендер жана пруденциялык чендердин аткарылышы жөнүндө отчет берүү тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 381 «Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 481 «Камсыздандыруу уюмдарынын жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун финансылык отчетторду берүүсүнүн жана жарыялоосунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-октябрындагы № 751 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 253 «Баалуу кагаздар рыногунда маалыматты ачуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 75 «Лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө карата коюлуучу айрым талаптар жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 648 «Топтомо пенсиялык фонддор үчүн пруденциялык ченемдиктерди эсептөөнүн методикасы жана пруденциялык ченемдиктердин аткарылышы жөнүндө отчеттун формасын бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-апрелиндеги № 176 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 253 «Баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 43 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 648 «Топтомо пенсиялык фонддор үчүн пруденциялык ченемдиктерди эсептөөнүн методикасы жана пруденциялык ченемдиктердин аткарылышы жөнүндө отчеттун формасын бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-февралындагы № 101 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 381 «Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 166 «Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 «Ломбард ишинин маселелери жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун үчүнчү абзацы, 2-тиркемеси;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 565 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту.
3. Ушул токтом 2018-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирүүчү электрондук отчет берүүнү жөнгө салуучу жоболорунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер министр М.Д.Абылгазиев