Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишмердигин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
1 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 468 |
анын ичинде: | ||
| 200 | |
| 40 | |
| 11 | |
| 217 |
”;
2) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
1 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 5 |
”.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022–2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо, ошондой эле кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды эске алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жана экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов