КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы. №220 токтому

Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17 - беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн социалдык долбоорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы, 2- тиркемеге ылайык;

- Регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн экономикалык долбоорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы, 3- тиркемеге ылайык;

- Максаттуу каржылоо жөнүндө келишим, 4- тиркемеге ылайык;

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үч айлык мөөнөттө Региондорду өнүктүрүү фонддорунун уставдык документтерин ушул типтүү жобого ылайык келтиришсин.

3. Күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 101 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 143 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 465 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы  “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 480 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы  “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 52 токтому.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Типтүү жобо.docx

Төрагасы                                                                                      А.У.Жапаров