Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 «Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында:
- 8-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« - дарыгердин кабыл алуусу жана консультациясы, зарыл болгон учурда медициналык манипуляцияларды жүргүзүү менен;»;
- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Калыбына келтирүүчү жана физиотерапевттик жардам төмөнкүдөй көрсөтүлөт:
- социалдык статусу жана клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилдик алууга укуктуу жарандарга акысыз;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга баалардын Прейскуранты боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызы өлчөмүндө;
- калктын калган категориясына баалардын Прейскуранты боюнча акы төлөө менен.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
«101. Стационардык-ордун алмаштыруучу жардам төмөнкүдөй көрсөтүлөт:
социалдык статусу жана клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилдик алууга укуктуу жарандарга акысыз;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга баалардын Прейскуранты боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызы өлчөмүндө;
- калктын калган категориясына баалардын Прейскуранты боюнча акы төлөө менен.»;
- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«16. Стационарлардын амбулатордук-диагностикалык жана консультативдик-диагностикалык бөлүмдөрүндө ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 17-пунктунда көрсөтүлгөн кымбат баалуу изилдөөлөр менен манипуляциялардан тышкары, ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 8-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында аталган иш-чаралар менен катар эле лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жолдомо каты болгон учурда төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) социалдык статусу жана клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилдик алууга укуктуу жарандарга - акысыз;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга - баалардын Прейскуранты боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызы өлчөмүндө;
3) калган жарандарга - Медициналык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскуранты боюнча.
Пациенттин үй-бүлөлүк медицина борборлорунан/үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан, жалпы дарыгерлик практика борборлорунан алынган зарыл анализдери жана стационардык дарыланууга жолдомо каты болсо, пациент стационарлардын консультативдик-диагностикалык бөлүмдөрүндө кошумча текшерүүлөрсүз жаткырылат.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 171-пункт менен толукталсын:
«171. Гемодиализ кызматтарын көрсөтүү менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү боюнча келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-параграф менен толукталсын:
«§ 9. Паллиативдик жардам
351. Паллиативдик жардам инкурабелдик оорулууларга дене-бой же психологиялык мүмкүнчүлүктөрү олуттуу чектелген жана интенсивдүү симптоматикалык терапияга, психосоциалдык жардамга, менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында узакка башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон оорунун терминалдык (өмүр менен өлүмдүн ортосундагы чектелүү абал) стадиясында көрсөтүлөт.
Паллиативдик жардам көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.»;
- 38-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«Жогоруда айтылган, ушул пунктта көрсөтүлгөн категориядагы оорулуулар үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунда/үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда отчеттук мезгилде финансы каражаттары болсо, ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-тиркемесинде келтирилген дары каражаттарын жазып берүүнүн нормалары 2 эсеге чейин жогорулатылышы мүмкүн.»;
- 42-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын сатып алуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарына ылайык, саламаттык сактоо уюмдарынын керектөөлөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт. Мында кошумча тизме боюнча дары каражаттарын сатып алуу дары каражаттарын сатып алууга багытталган каражаттардын жалпы жылдык өлчөмүнүн жана жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин тизмесинин он пайызынан ашпоого тийиш.»;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын 1-тиркемесинде:
- I бөлүмүнүн 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21. 6 жашка чейинки балдарды кошкондо.»;
- III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 7-9-пункттар менен толукталсын:
«7. Калкты иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик кызмат органдарында расмий катталган жумушсуздар.
8. Орто жана жогорку окуу жайларынын күндүзгү окуу бөлүмдөрүнүн 21 жашка чейинки студенттери.
9. Аскер кызматчылары.»;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-тиркемесинде:
- «Айрым ооруларда жеңилдетилген шарттар боюнча дарыкана тармагы аркылуу берилүүчү дары каражаттарынын нормалары» таблицасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Айрым ооруларда жеңилдетилген шарттарда дарыкана тармагы аркылуу дары каражаттарын берүүнүн нормалары
№ | Оорунун аталышы | Дары каражатынын жана медициналык багыттагы буюмдун аталышы | 1 оорулууга бир жылда берилүүчү норма |
1. | Терминалдык баскычтагы онкологиялык оорулар | Кетопрофен, инъекция үчүн ампулалар, таблеткалар | 49000 мг |
Тримеперидин гидрохлориди, инъекция үчүн ампулалар, таблеткалар | 7500 мг | ||
же морфин гидрохлориди, инъекция үчүн ампулалар, таблеткалар | 5000 мг | ||
же трамадол, инъекция үчүн ампулалар, таблеткалар | 44000 мг | ||
2. | Психикалык оорулар (талма, шизофрения, аффективдүү бузулуулар) | Галоперидол, таблеткалар, инъекция үчүн ампулалар | 3200 мг |
Тригексифенидил, таблеткалар | 1000 мг | ||
Клозапин, таблеткалар, же хлорпромазин, таблеткалар | 17000 мг | ||
Амитриптилин, таблеткалар | 14500 мг | ||
Клоназепам, таблеткалар | 560 мг | ||
Фенобарбитал, таблеткалар, | 38000 мг | ||
же карбамазепин, таблеткалар | 140000 мг | ||
3. | Бронхиалдык астма | Сальбутамол, ингаляция үчүн аэрозоль | 100 мг |
Бекламетазон, ингаляция үчүн аэрозоль | 200 мг чоңдорго/100 мг балдарга | ||
Преднизолон, таблеткалар | 4100 мг |
».
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтиришсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев